Кыргызстанда кыргыз, орус, өзбек жана тажик тилдеринде окуткан мектептер бар. Мектеп окуучуларынын басымдуу бөлүгү кыргыз тилинде окуса, студенттердин үчтөн биринин гана мамлекеттик тилде билим алуу мүмкүнчүлүгү бар.
Бегимай борбордогу университеттердин биринин студенти. Төрт жыл мурун ал кыргыз тилдүү мектепти аяктаган. Анын айтымында, мектепте окуган орус тили университетте билим алуу үчүн жетишсиз. Ал тургай университетте кыргыз тилдүү тайпаны тандап алганын эсепке алганда.
«Биздин тайпа кыргыз тилдүү болгонуна карабай, лекциялар орус тилинде өтүлөт. Бир гана мугалим кыргыз тилинде өтөт», — дейт Бегимай.
«Биринчи курста айрым студенттер орус тилин билбегендиктен кыйналып, университетти таштап коюшкан. Алгачкы жылы мен дагы лекция жазып, сөздөрдү үйгө келгенде которуп жүрдүм. Мектепте кыргызча окуган студенттерге орусча лекцияны түшүнүү кыйын», — дейт Бегимай.
Ошол эле учурда Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча, ЖОЖдордо 2600дөн ашык кыргыз тилдүү студенттик тайпалар бар. Орус тилинде окуткан тайпалар бул көрсөткүчтөн эки эсе көп.
Адистер мектеп билимин бир тилде алгандардын көбү өздөрү жакшы билбеген башка тилде окууга аргасыз болуп жатканын белгилешет. Ушундан улам алар үчүн предметти түшүнүү кыйын болуп, окууга болгон кызыгуусун жоготуп коюшу мүмкүн.
«Мектептерде кошумча тилдер начар окутулат – бул кыргыз тилине да, орус тилине да тиешелүү. Дээрлик бардык аймактарда 11-класстын окуучулары мектепте билим алган тилде гана эркин сүйлөй алышат”, — деп белгилейт билим берүү маселелери боюнча эксперт Асылбек Жоданбеков.
«Конституцияга ылайык, ар бир бала окутуу тилин тандоого укуктуу, ал эми тил саясаты университеттин жетекчилигинен көз каранды, ошол эле учурда кадрлардын жетишсиздиги курч», — дейт Билим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Гүлнара Ибраимова.
«ЖОЖдордо кыргыз тилинде сабак бере турган мугалимдер аз. Бул мамлекеттик тилде усулдук программаларды иштеп чыгууда кыйынчылыктарды жаратат – кыргызча билбесең, кыргызча китеп жазбайсың”, – деп кошумчалайт Ибраимова.
2021-жылы мектеп бүтүрүүчүлөрдүн 31% гана өлкөнүн ичиндеги ЖОЖдорго тапшырган. Мүмкүн, бийлик жогорку окуу жайларда мамлекеттик тилде билим берүү маселесин чече алса, дагы көптөгөн студенттер ЖОЖдорго тапшырып, мекенинде окушат.
Авторлор: Касиет Кубанычбек кызы, Зыйнат Самар кызы
Дата-редактор: Айзада Тома
Бул материал Дүйнөлүк Банк жана IDEM менен биргеликте Кыргыз Республикасында USAIDдин колдоосу менен ишке ашырылган “Кыргызстандагы Интерньюс” “Медиа-К” долбоорунун дата-журналистика программасынын стипендиаттары тарабынан түзүлдү. Программанын ментору — Андрей Дорожный. Материалдагы ой-пикирлер жана тыянактар сөзсүз түрдө Интерньюстун жана анын өнөктөштөрүнүн көз-карашын чагылдырбайт.
Престиж же муктаждык: эмне үчүн аймактардагы абитуриенттер мугалимдик кесипти тандашат
Гепатит А оорусу түштүктөгү таза суусу жок айылдарда көбүрөөк кездешет
Интернетсиз аймак: Кыргызстандын кайсы аймагында интернет начар жана эл интернетсиз кандай жашайт?