29-апрелде Германиянын жаратылышты коргоо уюму тарабынан Кара-Суу айылындагы Шапак Рысмендеев атындагы орто мектебинин айланасына 1200 түп тикенеги жок чычырканактын көчөтү отургузулду.
Иш-чарага Кочкор райондук администрация башчысы-аким Курбанбек Камчыев, Германиянын жаратылышты коргоо уюмунун өкүлдөрү, Айыл өкмөт башчысы, Айылдык Кеңештин депутаттары жана мектеп жамааты катышты.
Бул тууралуу Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Алымбек Мамырбаев мындай маалымат берди:
«Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун «Жашыл мурас», «Бир адамдан эки көчөт» жарлыгына ылайык Райондук администрация тарабынан тапшырма берилген. Айыл өкмөтү тапшырманы аткарууга алып, «Ак илбирсти коргоо» уюмуна кайрылганбыз. Уюмдун жетекчиси Толкунбек Асыкулов жалпы суммасы 250 000 сомго чычырканактын кыйыштырылган көчөтүн алып берди. Бул көчөттөр Россиянын Алтай жергесинен алынып келип, бүгүн отургузуу иштери жүрүп жатат».
Ушул эле иш-чара тууралуу Германиянын жаратылышты коргоо уюмунун Кыргызстандагы филиалынын жетекчиси Толкунбек Асыкулов буларды айтып берди:
«Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Алымбек Мамырбаев биздин уюмга мектептин айланасын жашылдандырууга көмөк көрсөтүп берүү боюнча кайрылган. Биз экологиялык уюм катары жардам кылып, Алтай чычырканагын алып келип бердик. Бардыгы 1200 түп, тикенеги жок. Чычырканакты жакшы багып, убагы менен сугарып турса 2 жылдын ичинде мөмөсүн берет. Мөмөсү абдан кымбат турат жана келечекте көп киреше алып келет. Мектепке дагы аталган уюм тарабынан жардамдарды көрсөтүп турабыз».
Айпери Шаршеналиева, Асель Эркинбек кызы