Ак-Талаа районундагы Баетов айылында турак-жай үчүн жер тилкеси, таштанды, таза суу сыяктуу орчундуу көйгөйлөр бар. Айыл ичинде таштанды эки жумада бир таштанды чыгарылганы менен тургундар аны сорттоп чогултууну эске алышпайт.
Ал эми эми турак-жай салуу үчүн жер тилкесине он жылдап кезекке турган жарандар бар. Баетов айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Алмаз Абдылдаевдин маалыматына караганда трансформация боюнча иштер ортолоп калды. Мындан сырткары таза суу киргизүү үчүн адистер топосъемкасын чыгарып жатышат.
Барчын Мамытбекова