Акыркы 10 күндүн ичинде Кыргызстанда Ковид-19 вирусуна кабылгандардын саны кескин көбөйдү. Күнүнө 800дөн ашык адам бул илдетке кабылып жатат. Учурда райондогу кырдаал кандай жана бул оору менен ооруп айыккандардын абалы кандай болот деген суроо менен Кочкор райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунун №1 үй-бүлөлүк тобунун дарыгери Канымкүл Иманалиева кайрылдык.
«Кыргызстандын бардык аймактары сыяктуу эле Кочкор районунда да Ковид-19 вирусу менен ооруп жаткандар бар. Оору кээ бир айылдардарда көбүрөөк катталып атат. Мисалы, Кара-Тоо жана Шамшы айылдарында ооругандар көбүрөөк катталды. Оорлошуп бараткан бейтаптар госпитальга жаткырылып атат, ал эми жеңил түрлөрү амбулатордук түрдө үйүнөн дарыланып жатышат.
Ар бир жаран ооруну жуктуруп албаш үчүн өздүк гигиенанын эрежелерин таза сакташ керек. Колду самындап жууп туруш керек, коомдук жайларга барганда бет кап тагынып, антисептик колдонуп, аралыкты сакташ керек, эгер сиз вирус жуктуруп алган адамдын жанында болуп калсаңыз ооруну жуктуруп алуу коркунучу көбүрөөк болот. Эгерде кимдин өнөкөт оорусу болсо дарысын убагында ичип, дарыгерге барып туруш керек, туура тамактануу керек.
Адам өтө чарчаса да иммунитети түшө баштайт, иммунитет начарласа бардык оорулар, анын ичинен коронавирус инфекциясы тез жугат. Ошондуктан эт азыктарын, жер-жемиш, кымыз, компот жана микроэлементтерге бай натуралдык тамактарды көп колдонушубуз керек. Ал эми Ковид-19 оорусунун жеңил түрү менен ооругандардын абалы жакшы эле болот, оору оор түрдө өтсө же өнөкөт оорусу болсо баштапкы абалына келиши кыйын болот. Көбүнчө алы кетип, буту колдору ооруп, көпкө чейин тердеп мурункудай жумуш жасай албайт. Учурда абал кооптуу, ар ким өзүнүн ден-соолугуна кам көрүп, оорудан алыс болгула деп айтат элем».
Тема боюнча окуңуз:
Элеттиктер ден- соолугуна кандай кам көрүп жатышат?
Бакыт Кожокматов