Бүгүн «Сейил» паркында Кочкор райондук балдар өспүрүмдөр спорт мектебинин, райондук Маданият үйүнүн жана Кочкор айыл өкмөтүнүн демилгеси менен бардык мамлекеттик мекемелер арасында спорттук мелдештер уюштурулду.
Кочкор айылындагы мамлекеттик мекемелеринин кызматкерлери үчүн уюштурулган спорттук мелдештер айылдыктарды ден-соолукту чыңдоо жана физикалык активдүүлүктү жогорулатуу максатында өттү.
1948-жылы 7-апрелде Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун конституциясы күчүнө кирип, ошол жылдан бери бул дата уюмдун туулган күнү болуп эсептелет. Жыл сайын Кочкор айылында Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүн ар кандай спорттук мелдештер өткөрүлүп турат.
Грамота, кубок жана медалдарды Облустук спорт башкармалыгы камсыз кылып ал эми акчалай сыйлыктарды Кочкор айыл өкмөттү каржылады жана ошондой эле «Чолпон» кинотеатры 10 билет жеңүүчүлөргө белекке берди.
Бүгүнкү иш-чарада аркан тартыш, кросс чуркоо, кыз-келиндер жана эркектер арасында кол күрөш спорттук мелдештердин түрлөрү болду.
Жыйынтыгында 1-орунду Нинакан Жүндүбаева мектеп гимназиясы камсыз кылып 3000 миң сом акчалай сыйлык жана грамота менен сыйланды. 2- орунду Туз айылынын мектеби, 3-орунга Кочкор райондук суу башкаруу мекемесинин кызматкерлери татыктуу болушту.
Канайым Мирланова