Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айыл аймагына караштуу «Восточный » айылындагы орто мектептин дене-тарбия сабагынын мугалими Иван Иванов Бишкек шаарында өткөрүлгөн футзал боюнча АФКнын дарбазачы машыктыруучусунун 1-деңгээлдеги сертификат курсуна катышты. Ал бул боюнча төмөнкүлөрдү билдирди: «Бишкек шаарында өткөн футзалга катышууга менде чоң мүмкүнчүлүк болду. Мен үчүн бул жааттагы өнүгүү болду десем жаңылышпайм.
⠀
Бул курстун инструктору ирандык адис Мишеил Петрос @michael13petros болду.
Кыргыз Республикасынын Футзал Ассоциациясына @futsal_kgz жана тажрыйбалуу досторго ыраазычылык билдиремин.
Баарын бир ынтымактуу компанияда көргөнүмө жана цехтеги башка тренер-курдаш жолдоштор менен таанышканыма кубандым!»
Сүрөттө Иван Иванов
Өзүнүн билдирүүсү боюнча Иван Иванов өздүк баракчасына төмөнкүдөй маалымат тараткан.
✔️ БИШКЕКТЕ ФУТЗАЛ БОЮНЧА МАШЫКТЫРУУЧУЛАРГА AFC FUTSAL GOALKEEPING COACHING CERTIFICATE COURSE LEVEL 1 ОКУУСУ БАШТАЛДЫ
⠀
27-мартта «Olive» отелинин конференц-залында дарбазачылардын машыктыруучулары үчүн AFC Futsal Goalkeeping Coaching Certificate Course Level 1 курсунун ачылышы болду.
Ачылыш аземге Кыргыз футбол союзунун Башкы катчысы Букуев Нурдин жана футзалды өнүктүрүү боюнча техникалык директору Муканов Амиржан катышты.
⠀
Бул курстун инструктору болуп атактуу иран адиси Мишеиль Петрос чакырылган, ал өзүнүн билими жана тажрыйбасы менен бөлүшөт.
Курс 27-31 мартта өтөт жана теориялык, практикалык сабактарды камтыйт.
Турсун Омуралиева