Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылында жайгашкан №43 Кесиптик лицейде айыл чарба өндүрүштүк устатынын окуучулары практикалык иштерин баштады. Окуучулар өндүрүштүк окутуу жана практика учурунда талаачылык жумуштарды өздөштүрүүдө.
Кесиптик лицейдин окуучулары устаты менен бирдикте жер айдашып, малалап, жер семирткич чачып, жөөк тартышууда.
«Айыл чарба өндүрүшүнүн устаты » кесибинин окуучусу практикалык иш үстүндө
Айыл чарба өндүрүшүнүн улуу устаты Сажида Саадабаеванын айтуусу боюнча:
«Быйылкы жылы атайын бөлүнгөн жер тилкелерине помидор, болгар калемпири, капуста, кызылча, сабиз жана дары чөптөр. Эгүүгө даярдык көрүүдөбүз. Окуучулар менен бирдикте өстүргөн жер- жемиштерден жыл сайын кышкыга азык даярдайбыз. Жайында бышкан жашылчалардан салат жасап, кыштын камын көрөбүз. Бул ишти жыл сайын пландуу түрдө аткарабыз. Окуучулардын тамак ашын жакшыртуу, аларды керектүү витаминдер менен камсыздоо биздин милдет болуп калган. Учурда азык-түлүк кымбат болгондуктан өкмөттү карап отурбай өзүбүз да эмгек кылышыбыз керек. «Айыл чарба өндүрүшүнүн устаты » кесибинин окуучулары өстүрүп берген жашылчалардан «Ашпозчу» кесибинде окуган окуучулар кышкыга салат жаап, мөмө жемиштерден кыям жасап же как кылып кургатышат. Айтор «Жаздын бир күнү кышта багат» демекчи азыр бизде эмгек кайнап турган учур»,- дейт устат.
Турсун Омуралиева