«Соң-Көл» орто мектебинде 300кө чукул окуучу билим алат. Билим уясы заман талабына ылайыктуу жаңы техникалар менен жабдылып жатат, бирок окуучулар суукка карабай сыртта дене тарбия сабагын көңүлдүү өткөрүшөт. Ал эми курулуп жаткан спорттук имараттын бүтүшүн баары чыдамсыздык менен күтүшүүдө.
Умар Карыпбеков бул мектепке 2022-жылдын сентябрь айында жумушка кирген.
«Дене тарбия сабагы жакшы өтүлсө мектептин жүзү жарык болот, анткени балдарга жакшы сабак өтүү менен аларды спортко кызыктыра алабыз, спорттун бир түрүнө кызыккан окуучуларды ар кандай мелдештерге даярдасак, алар өздөрү жактырып катышкан соң сөзсүз ийгилик жаратышат. Буюрса, окуучуларды күрөш өнөрүнө катыштырып, даярдайын деген оюм бар. Ар бир сабак кызыктуу, максаттуу өтүлгөндөй эле дене тарбия сабагы да ошондой өтүлүш керек», -дейт.

Умар Карыпбеков дене тарбия мугалими
Байболот Мусаев: «Дене тарбия сабагы барган сайын кызыктуу боло баштады. Сабакта агай көп нерсени үйрөтөт, спорт залыбыз бүтсө күрөшкө машыктырам деп көп айтат. Башка сабактарды кандай кызыгуу менен күтсөм дене тарбия сабагын ошондой кызыгып күтөм. Жашыл тосмодо (газон) футбол ойногон балдарды көп көрчү элем, эми ал жерде ар кандай көнүгүүлөрдү жасап жаткан балдарды көп көрүп жатам», -дейт.

Байболот Мусаев 9-класстын окуучусу
Мектептин «Соң-Көл» курама командасы футбол боюнча райондук мелдештерге активдүү катышып келет. Былтыркы окуу жылында райондук лигада финалдык турларга чейин жетишкен. Ал эми быйыл болсо бул оюнда ийгилик алып келүү үчүн мыкты даярданып жатышат. Бул топту жетектеген дене тарбия мугалими Азамат Райымбек уулу.

Фудбол боюнча курама команда
Мектепте спорт залдын курулуш иштери толугу менен бүткөрүлө элек, бул имарат бүткөрүлүп ишке берилсе окуучулар үчүн абдан жакшы болору белгилүү. Чыдамсыздык менен күтүп жаткан спорт залдын эшигинин ачылышы да чукулдап калгандай.

Курулуп жаткан спорт зал

Сууку карабай сабакка кызыккан окуучулар

Кызыктуу оюн балдарды үшүтпөйт
Адеми Ишенбекова