Учурда өлкө аймагында малды жасалма уруктандыруучу бир канча пункттар бар. Аларга долбоор аркылуу керектүү аспаптар берилген жана иштете тургандар атайын окуулардан өтүшкөн. Ак-Талаа районундагы Баетов айыл аймагынын ветеринардык кызматкери Темирбек Сатыналиев акыркы 4-5 жылдан бери тургундардын малын жасалма уруктандыруу кызматын көрсөтүп келет.
“Азыркы учурда бизде бодо малга(уйга) жасалма жол менен уруктандыруу жүрүп жатат. Жасалма уруктандыруунун кепилдиги малдын организмине жараша. Эгерде малдын эч кандай ылаңы жок, организми таза болсо 97% деп болжолдонот. Жасалма уруктандыруу боюнча учурда Баетов айыл өкмөтү “Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу” долбоору менен иш алып барып жаткандыктан урук сактоочу суюк азот жана Россия, Казакстанда өндүрүлгөн даяр урук менен долбоор өзү камсыз кылат. Сертификаттары сөзсүз болот. Алар бизге 300сомдон сатат. Биз мал ээлеринен ошол эле уруктун 300 сом акысын алабыз. Мал ээлерине бул түзүлгөн жакшы шарт”,- деди ал.
Уруктар азотто -190-195 градуска сакталат, азотту бөксөртпөй, туура кармаса көп жылдык мөөнөткө жарай берет. Аны жибитип алып кайра колдоно берсе болот. Уруктун мөөнөтү өтпөйт бузулбайт. Урукту кабыл алып, организминде жайгашып кабыл алганча үч күн уруктандырылган уйду өзүнчө жайда кармоо керек. Жасалма уруктандыруунун дагы бир пайдасы ар кандай илдеттен алдын алууга жардам берет. Анткени табигый куудуруу учурунда уйларга трихомоноз, бруцеллез же вибриоз инфекциялык оорулар жугузуп алышы мүмкүн экенин кошумчалады.
Барчын Мамытбекова