Ак-Талаа районунда үстүбүздөгү жылдын январь айынан бери 23 жаштан 65 жашка жарандарды гепатиттин В түрүнө эмдөө кампаниясы жүрүп жатат. Бул кампания боор оорусун алдын алууну каалаган бардык жарандарга багытталган. Аталган илдетке вакцина үч жолу бир жана алты ай аралык менен сайылат. Анткени үч жолку эмдөөдөн кийин адамда бул илдетке каршы иммунитет пайда болот. Эмдөө россиялык өндүрүштөгү “Регевак В” вакцинасы менен жүргүзүлүүдө.
Эмдөөдөн мурда кандан экспресс тест алынып, 2-3 мүнөттүн ичинде адамда илдет бар же жок (положительный, отрицательный) экени аныкталып, анан эмдөөгө жөнөтүлөт.
Ак-Талаа райондук жалпы дарыгерлер борборунун дарыгери Тахмина Искакованын айтымында 2023-жылдын биринчи кварталындагы эмдөөнүн жыйынтыгында экпресс тесттен он үч жаран гепатиттин В түрүн жуктуруп алгандыгы белгилүү болгон.
“Гепатит адамдагы боорду жабыркаткан илдет, ал билинбей жүрө берет. Аны убагында дарылабаса, өнөкөткө айланып кетүү коркунучу бар. Гепатиттин В, С, Д түрлөрү адамдан адамга кан аркылуу жугат”,- деди ал.
Барчын Мамытбекова