Бүгүн Ак-Талаа районунун Баетов айылында ишембилик болуп, мекеме кызматкерлери тиешелүү аймактарды таштандыдан арылтышты.
Тактап айтканда, айылдын күн чыгышындагы Кара-Чий тилкеси жана күн батышындагы босого тазаланды.
Мындан бир нече жыл мурда мурда алма бактын көчөттөрү отургузулуп, азыр ээн талаага айланган Кара-Чий тилкесинде желим бөтөлкөдөн тартып, ит-мышыктын, малдын териси, жүнү, жадакалса өлүгүнө чейин алып барып, ар кайсы жерге ыргыта беришип, таштанды талаага айландырышкан.
Ошондой эле оттун күлү, малдын кыгы, курулуш калдыктары тоо болуп үйүлгөн. Аталган тилкеге жакын жашаган тургундардын айтымында бул ээн талаага көбүнчө түнкүсүн машине, арабаларда жүктөп келип ыргытышат. Шамал болгондо бардыгы айылды көздөй учуп, ыңгайсыздык жаратат. Мындан сырткары, мал тоскону же айдаганы барган тестиер балдар дал ошол таштандыны аралап, тебелеп-тепсеп, чукулап ойношот. Аларга таштандыдан оору жукпайт деп эч ким кепилдик бербейт.
Ошол себептүү таштанды чогулткандын, чыгаргандын дагы маданиятын калыптандыруу зарыл.
Барчын Мамытбекова