Нарын облусунун Кочкор районунда 5-ноябрда Калкты тейлөө борбору ачылды.
Кочкордо 5-ноябрда Калкты тейлөө борборунун ачылыш аземи болуп өттү. Жарандар үчүн ыңгайлуу шарттар каралган жана кызмат көрсөтүү бир топ жеңилдетилген. Ыңгайлуу жагы бардык документтер бир эле кеңседен даярдалгандыгында.
«Мен 12 жылдан бери ушул жаатта эмгектенем. Учурда жетектөөчү адисмин. Бүгүнкү күн абдан кубанычтуу күн болуп олтурат. Биздин аймакка Калкты тейлөө борбору ачылып, биринчиден жарандарга ыңгайлуу шарттар түзүлдү. Экинчиден кызматкерлер, жарандарга сапаттуу кызмат көрсөтө алышат. Кызматкерлер үчүн бир топ жеңилдиктер пайда болду »
«Мен Кочкор районундагы паспорт, ЗАГС бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенем. Мурун биздин мекеме 2 башка имаратта жайгашкан болчу. Жарандар үчүн бир топ ыңгайсыздыкты жана кыйынчылыктарды жаратчу. Ал эми бүгүнкү күндө жаңы Калкты тейлөө борбору ачылып, карапайым эл үчүн, ошондой эле кызматкерлер үчүн бир топ жеңилдиктер болууда. Бул борбордун ичинде 3 орган камтылган. Бул жарандык бөлүм, паспорттук бөлүм жана нотариус. Андан тышкары, касса дагы бар. Жарандар бир имараттын ичинен тиешелүү муктаждыктарын чечип кетүүгө толук мүмкүн. Буга бардык шарттар жана заманбап тейлөө кызматтары каралган».
Кочкор:Көйгөй жараткан аймакка көпүрө курулду
Перизат Таштанова, Арген Токторбеков