Өлкөдө пандемия башталгандан бери ар кыл тармактарда маселелер болуп келет. Пандемия коомго моралдык жана материалдык жактан чоң таасирин тийгизүүдө. Бул учурда айыл жергесинде жашоо шарты төмөн, ден-соолугу чектелген адамдарга колдоо көрсөтүлүп келет. Ошондой эле медицина жана билим берүү тармагына дагы чоң көңүл бөлүү тийиш.
Covid-19 вирусу биздин өлкөгө жайылгандан тартып, дегеле бардык тармактардын иштөөсүнө тоскоолдук жаратты. Илдет аймактардагы айыл өкмөттөрдүн ишине дагы кандайдыр бир деңгээлде тоскоолдук жаратпай койгон эмес.
Чолпон айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Алтынбек Боогачиев төмөнкүлөргө токтолду:
«Пандемия жаңы башталгандагы учур тууралуу айтсам, башында өтө коркунучтуу болуп, ооругандардын саны көп болуп, өлүмдөр көп катталгандыгына байланыштуу бир гана айыл өкмөттөрүндө эмес, жашоого байланыштуу нерселердин бардыгы белгилүү бир убакытка, иштерин токтотууга туура келген. Ал эми азыркы учурда бардык иштер өз нугунда, мурункудай эле өз ишин алып барууда. Өлкөдө пандемия болгону менен айыл өкмөтүндө жасалчу иштер аткарылып жатат. Мисалы, долбоорлор менен иштешүүдөбүз, курулмалар болсо, курулууда. Аткарылып жаткан иштер токтогон жок».
Чолпон айыл өкмөтүнүн жайыт комитети Урмат Өмүрбеков пандемия тажрыйба алмашууларга, кээ бир долбоорлор менен иштешүүгө тоскоолдук жаратканын билдирди:
«Негизи пандемия учурунда өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу соңуна чыкпай калган иштер, аягына чыгып, учурда аткарылды. Бирок кээ бир долбоордук жумуштарга тоскоолдуктар болду. Тактап айтканда окуулар, чогулуштар, тажрыйба алмашуу жүрүштөр ишке ашпай калды.»
Чолпон айылы: Айыл жергесинде санитардык эрежелер сакталуудабы?
Перизат Таштанова