Талас районунун Айдаралиев атындагы орто мектебинин кол эмгек сабагынын мугалими Жазмира Давлеталиева кыздарга сайма саюу жана кийизди колдонуу боюнча кошумча сабак өтүп келет.
Өзүнүн иши тууралуу ал буларды айтып берди:
«Мен 1978-жылы Кара-Буура районунун Бакайыр айылында туулгам. Орто мектепти аяктаган соң, 1995-жылы Бишкектеги Сүймөнкул Чокморов атындагы окуу жайына тапшырып, саймачы, килем токуучу кесипти алып чыккам. Кийин Талас районунун Көпүрө- Базар айылына келин болуп келгем. Учурда Айдаралиев орто мектебинде сүрөт жана кол эмгек сабагынын мугалими болуп эмгектенип жатам. Сабактан тышкары кол өнөрчүлүк боюнча окуучу кыздарга «Чебер колдор» ийримин ачкам, ийримде 27 кыз тарбияланат. Жумасына 3 күн келип кийиз боюнча сабак алып кетишет. Андан тышкары, өзүм көрсөтмөлөргө чыгып, ишканаларга катышып келем. Мен кийиз менен сайма сайып баштаганыма 2 жылдын жүзү болду. Ошондой эле «Элечек» долбоорунун мүчөсү болуп келем. Элечекти ар ким ар кандай ыкма менен жасайт эмеспи, а мен болсо ийненин ыкмасы менен жасап чыгам. Бир элечек жасоого 23 метр ак кездеме кетет. Кездеменин метрин 100 сомдон сатып алам. Ал эми сатыла турган баасы 3000- 4000 сом болот.
Келечектеги муундарга кыргыздын кол өнөрчүлүгүн унутта калтырбай , эски менен жаңыны айкалыштырып иштөө менен бирге эмгектенген айым, бүгүнкү күндө төрт баланын энеси.
Даярдаган: Толгонай Тимурова