Элеттик айымдардын жана кыздардын эмгектери канчалык баалуу экенин коомчулукка эскертип туруу үчүн, 1995-жылы Пекинде өткөн БУУнун 4-аялдардын жыйынында 15- октябрь элеттик айымдардын күнү сунуш кылынган. Статкомдун маалыматында, былтыр Кыргызстандын калкынын 65 пайызын аялдар түзгөн. Алардын басымдуу бөлүгү айылда жашайт.
Айылдан чыккан, бирок учурда жардамга муктаж болгон шаардыктардын жана элеттиктердин маселесин чечкен Жылдыз Талгат кызынын, ийгиликтүү тажрыйбасы жөнүндө сөз кылабыз.
Жылдыз- айылдагы жаштарга мотивация берип, “Жардам Талас” деген демилгелүү топту уюштурган. Азыркы күндө бул топто 100гө жакын жаш волонтерлор кызмат кылышат, мындан тышкары улуу муундагы адамдар дагы мүчө. Жылдыз топтун жетекчиси катары Талас облустагы кембагал үй-бүлөлөргө, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жардам берип келет, ошондой эле облустун тазалыгына көп күч жумшайт.
«Менин жумушумда кыйнчылык бар, бул дайындаган кыйын, элдин ар кандай сөздөрү болот, акча чын эле өз максатына жетип жатабы деген. Тааныштарымда деле тушүнбөстүк болду, мусор чогулткандан көрө, жумуш таппайсыңбы, турмушка чыкпайсыңбы деп. Бирок мен ойлоймун да, 100 адам болсо, экөөсү нааразы сөздөрү айтса, токсон сегизи жакшы сөз айтат. Ошол мага мотивация болуп, дагы-дагы түрткү болот алдыга».
Жылдыз бул топту ачканына 2 жылдын жүзү болду. Ушул убакытта топтун мүчөлөрү облустун айылдарына кайрымдуулук концерттерин ушутурушту, муктаж болгон үй-бүлөлөргө демөөрчү табышып тамак-аш, кийим кече жана балдар үчүн окуу куралдары менен жардам берип келет. Жылдыздын айтуусу боюнча, бул жетишкендиктеринин бир себеби, бул ата-энесинин дайыма колдоосу. Талгат Дуйшекеев, Жылдыздын атасы. Ал дайыма биздин каарманыбызга жардам берип, өз кеңешин айтып турат.
«Албетте кызымдын кылган иштерин толугу менен колдоймун. Колдон келсе, өзүм дагы катышканга аракет кыламын. Элге пайда берип жатканына мен кубанамын. Кызыма толук ишенемин. Уул-кыздарга ачык сүйлөшкүлө, өзүнүн оюн айтканга мүмкүнчүлүк бергиле».
Билимдүү, эмгекчил, күчтүү, ошол эле убакта өзүн коомдук иштерге арнаган, каршылык көрсөтпөй, бардык кырдаалды кабыл алган, дайыма жанында жүргөн адамдардын маанайын көтөргөн айым деп Жылдызды ыктыярчылары сүрөттөшөт.
Жусуп Баласагын айткандай «Адам өлсө, сөзү калат артында, жакшы атагы жашай берет калкында». Урматка татыктуу кыздардын саны өсүшү үчүн, ата-энелердин жана коомдун салымы чоң.
Даярдаган: Айжамал Кубанычбекова