Ак-Талаа районундагы Жерге-Тал айыл өкмөтүндө Курман айтка карата жардамга муктаж, кары-картаң, көп балалуу ж.б.категориялардагы жети үй-бүлөгө курмандыкка чалынган малдын эти жана азык-түлүк берилди.
Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн башчысы Гулмайрам Учугенованын маалыматына караганда республиканын муфтиятынан Кыргызстандагы ар бир айыл өкмөткө улуу күндө айт намаздан кийин курмандыкка союу үчүн мал сатып алууга 10миң сомдон берилген. Бул акча каражатты райаким Сейтек Кулубаев жана райондун баш имам хатиби Акылбек Эсеналиев менен айыл өкмөт башчыларынын колуна тапшырган.
Г.Учугенова: Берилген каражатка бир кой жана азык-түлүк сатып алдык. Азыр пандемиялык шартка байланыштуу элди чогултууга болбойт. Ошол себептүү малды союп жетиге бөлүп, бир аз азык-түлүк кошуп, Чолок-Кайың жана Жерге-Тал айылдарындагы турмуш-шарты оор, төшөктө жаткан, көп балалуу, жетим балдарды баккан, кары-картаңдардын үй-бүлөлөрүнө таратып бердик” дейт.
Элдин аманаты-элге келип жатат
Барчын Мамытбекова