Учурда Баетов айылында чыгыш медицинасы боюнча профессор Ли Мун Гём кант диабети, кан басымдын көтөрүлүшү, муун,омуртканын жабыркашы сыяктуу оорулар менен жабыркаган адамдарды дарылоо курсунан өткөрүүдө.
Ооруулуларды ийне саюу жана тиешелүү жерлерге чок таштап күйгүзүп дарылоодо. Бир күндө жүздөн ашык адамдарды кабыл алып жатат. Киши абдан көп болгондуктан айрымдар таңкы саат 5тен баштап кезекке турушса, айрымдары кун мурунтан жазылып кеткен тизме боюнча көрүнүшүүдө.
Профессордун айтымында кан басымдын көтөрүлүшү, кант диабети менен жабыркагандар абдан көп. Айылга филиал ачып кетмекпмиз, тилекке каршы шарт жок. Албетте узак дарылоону талап кылган оорулуларга борборго барууну сунуштап, айрымдарына жөн гана кеңеш берип жатат. Мындан кийин буюрса жылына бир ирет келип дарылоо жургүзүп турат.
Даярдаган: Г.Мамытбекова