![20150726_200957[1]](http://tunukradio.kyrgyzmedia.kg/wp-content/uploads/sites/15/2015/07/20150726_2009571-300x225.jpg)
1-августа Соң-Көл жайлоосунда Манас фестивалынын алкагында “Ак Мөөр-2015” сулуулар сынагы өтөт. Мына ушуга байланыштуу Ак-Талаа райондук маданият үйүндө сулуулар сынагынын тандоо туру өттү.
Сынакка райондун аймагынан 6 кыз катышып, атайын белгиленген тапшырмалар боюнча күч сынашты.
![20150726_192336[1]](http://tunukradio.kyrgyzmedia.kg/wp-content/uploads/sites/15/2015/07/20150726_1923361-300x225.jpg)
Cынактын жүрүшүндө калыстар тобу иштеп,кыздардын сахнада алып жүрүү, өзүн тааныштыруу, ырдоо, бийлөө маданияты боюнча сындан өткөрүштү. Кыздар айрым тапшырмаларды аткарууда даяр эмес экендиктерин көрсөтүштү.
Жыйынтыгында 4 кыз Эсенгелди кызы Нуриза, Узак кызы Турсунай, Жаныбек кызы Нурия жана Адылбекова Кайыргүл сынактын Соң-Көл жайлоосунда өтүүчү туруна жолдомо алышты. Алар сынакта Ак-Талаа районунун намысын коргошот. Ошол себептүү айылдык клубдун жетекчилерине катышуучу кыздарды сынакка даярдоо жагы тапшырылды.
Даярдаган: Г.Мамытбекова