Адам жарык дүйнөгө келгенден баштап эле ар кандай оорулардын алдын алуу максатында вакцина алып келет. Ал эми алган вакцина адамдын иммундук системасын күчөтүп, вируска каршылык көрсөтүүгө же жеңип чыгууга, жугуштуу оорулардын алдын алууга жардам берет.
Азыркы убакта дүйнөнү дүңгүрөткөн Ковид -19 вирустук оорусуна каршы да дарыгерлер вакцина алууну сунуштап жатышат. Бирок социалдык тармактарда Ковидке каршы вакцина тууралуу айтылып, жазылып жүргөн маалыматтарга, б.а. фейктерге таянып, эл вакцинаны чочулоо менен кабыл алууда. Ошондой эле, вакцинаны ким чыгаргандыгы, кайсы мамлекетке таандык экендиги элдерди кызыктырууда. Биздин айыл тургундары да медициналык кызматкерлердин сунуштамасына, түшүндүрүү иштерине карабастан дагы да эмдөөнүн убактысын созуп жатышат.
Мунун далили катарында Оттук жана Казан-Куйган айылдарында бир дагы жаран вакцина албагандыгы айгинелейт. Вакцина тууралуу жана анын пайдасын коомчулукка жеткирүүдө массалык маалымат каражаттарынан көбүрөөк жана так, далилденген маалымат керек экендиги билинди.
Демек, “Вакцина”-деген эмне? Бул сурообузга Оттук ФАПта иштеп келе жаткан медайым Зейнура Жамантаева төмөндөгүдөй жооп берди:
Зейнура Жамантаева
“Вакциналар – бул вакцинага башкарылуучу инфекцияларга карата иммунитетти жакшыртуучу биологиялык препараттар. Вакциналар өзүнүн курамында жансыздандырылган же алсыздандырылган тирүү бактериялар менен вирустарды, ошондой эле вакциналардын туруктуулугун жана натыйжалуулугун колдоп туруучу компоненттерди, көмөкчү заттарды камтыйт. Вакцинаны организмге куйган учурда имммундук система антителолорду иштеп чыга баштайт жана адамга спецификалык иммунитет иштелип чыгат. Ошентип, организмге келип түшкөн вакциналар ооруну чындап жуктуруп алуунун жыйынтыгында келип чыгуучу иммундук системаны ушундай эле кайтадан курууну пайда кылат. Организмди мындай даярдоодон кийин ооруну жуктуруп ала турган болсо, анда ал өөрчүбөйт жана жеңил түрдө өтөт.”
Вакцина алуу же албоо мамлекет тарабынан милдеттүү түрдө жүргүзүлбөйт. Аны ар бир жаран өзү тандоо укугуна ээ. Бирок ар бир жаран өзүнүн коопсуздугу үчүн вакцина алуу сунушталат.
Дарыгер: Гриппол вакцинасы коронавирустан сактай албайт, бирок сасык тумоо оорусунан сактайт.
Акылай Алмазбекова