Айыл ичиндеги баш аламан ыргытылган таштандылар, чирибеген желим бөтөлкөлөр экологияны кирдетпей койбойт. Мындан улам ар кандай оорулар да козголушу мүмкүн. Учурда таштанды көйгөйү айыл тургундарынын демилгеси менен аз да болсо чечилип баштаган.
Айылдагы «Тазалык» борборунун жетекчиси Жылдыз Миназарованын айтымында окуучулар, айыл тургундары, мекеме кызматкерлери тарабынан бир нече ишембиликтер жүргүзүлүп турат. «Акыркы жылдары таштандылардын саны абдан өсүүдө. Буга байланыштуу ишембиликтер да бир нече жолу жүрүп турат. Айылдагы таштандыларды көбүнчө жолдон өткөн жүргүнчүлөр ташташат. Айыл эли биригип, ошондой учурларда таштанды таштаган адамдарды уяткарып көзөмөл жүргүзсөк, биргеликте бул көйгөйдөн кутулабыз», — деген ою менен Жылдыз Миназарова бөлүштү.
Нарын токой чарбасынын жетекчиси Рахатбек Эсенгул уулу экологияны коргоо, токойлорду жашылдандыруу боюнча төмөнкүлөргө токтолду:
«Биринчиден тазаланган жер таза эмес, таштанды ташталбаган жер таза, ар бирибиз жаратылыш койнунда болобу, коомдук жайларда болобу дайыма айланабызды таза алып жүрүшүбүз керек. Башка жагдайларда эс алуучу жайларды жана башка жерлерди ар бир тийиштүү органдар өзүлөрү тазалап туруусу зарыл. Нарын токой чарбасында жылда план берилип турат. Мисалы, 2023-жылга карата жалпы беш гектар жерге ийне жалбырактуу өсүмдүктөрдүн түрүн отургузганбыз. Бул да болсо табиятка чоң салым кошо алаарына ишенебиз».
Сезимай Эркегулова