Кыргыз Республикасынын Президентинин “Жашыл Мурас” өнөктүгүнүн жана “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” жарлыгына негизинде Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн көрктөндүрүү,жашылдандыруу боюнча үч айлык жарыялоо жөнүндөгү буйругун аткарууга алып, 2024-жылдын 16-март күнү Кызыл-Кыя шаарынын аймагында жалпы шаардык ишембилик өткөрүлдү.
Ишембилик болуп жаткан учур
Кызыл-Кыя шаарынын мэри Асылбек Маткалыков ишембиликте тазалоо иштеринен сырткары, көчөттөр дагы отургузулганын билдирди. Ошондой эле Кызыл-Кыя шаарынын тургундарын жана конокторун тазалыкты сактоого үндөп, экологияга, тазалыкка кам көрүү ар бир адамдан башаларын кошумчалады:
Асылбек Маткалыков
«Ишембиликке шаарыбыздагы мекеме-ишканалар, окуу жайлардын кызматкерлери жана шаар тургундары катышты. Ишембиликте сейил бактарды, скверлерди көрктөндүрүп, жолдор, тротуарлар тийиштүү абалга келтирилип, ошондой эле тазалоо иштери жүрүп, жаңы көчөттөр отургузулду.»
Ишембилик болуп жаткан учур
Ишембилик болуп жаткан учур
Жумагүл Көчкөнбаева