11-апрелде Ак-Талаа районундагы 12 айылдык кеңеште шайлоо болуп, 274 талапкер каттоодон өткөн. Бирок булардын ичинен 260 талапкер ат салышты. Талапкерлердин бардыгы мыйзамга ылайык шайлоо фондуларына үгүт иштери жана күрөө үчүн акча каражаттарын которушкан.
Борбордук шайлоо комиссиясынын Тогуз-Торо жана Ак-Талаа райондору боюнча өкүлү Токтосун Казиевдин берген маалыматына караганда учурда район боюнча күрөө каражаттарын кайтарып алуучу талапкерлердин тизмеси аныкталып, БШКга жиберилди.
“Шайлоочулардын 15% ашык добушун алган талапкерлер күрөө акчаларын кайтарып ала алышат. Каражаттарын кайтарып алуу мүмкүнчүлүгү бар жарандардын ичинен былтыр (пандемияга байланыштуу шайлоо жылдырылган) талапкер болуп катталып, бирок кайра алып койгондор дагы бар”.
Барчын Мамытбекова