Сокулук районуна караштуу Гүлсина Капарова атындагы орто мектепте «Кош Алиппе» майрамы белгиленди. Ага ата — энелер катышып, мугалимге ыраазычылык билдиришти.
Жогоруда аталган орто мектепте 1- класстын «Кош Алиппе» аттуу кечеси болуп ɵттү. Иш чара алгач класс жетекчи, эл агартуунун отличниги Гүлмира Токтосунованын каалоо-тилектери менен башталды.
Окуучулар тамгалар тууралуу ырларды, макал-лакаптарды, жанылтмачтарды, алиппе тууралуу ырларды ырдашты.
Кеченин жүрүшүндө окуучулар бир жыл бою окуган «Алиппе» китебине рахмат айтып, таланттарын кɵрсɵтүп келген коноктордун кɵнүлүн алышты. Жыйынтыгында ата-энелерге сɵз берилип, мугалимге ыраазычылык айтылды.
Даярдаган: Ася Абдыкадырова