Кошбулактын Д. Жороев көчөсүнүн борбордук бөлүгүндө «Молдо Дыханбай ажы» мечити менен №7-орто мектепке өтүүчү эки жерге автоунаа ылдамдыгын чектөө үчүн «Жасалма тоскоолдук бар» эскертүүчү жол белгилери жана кооомчулукка «лежачий полицейский» ат менен белгилүү болгон «жасалма тоскоолдук» орнотулду.
Бул боюнча айылдын эң кадырман аксакалы, Молдо Жарашбай Ажы Мамытов: Биз көпчүлүк эл суранып койдурдук. Анткени Кошбулактын автоунаа жолдору жакшы болуп калгандан бери жеңил автоунаалар өтө катуу ылдамдыкта жүрө баштады. Акыркы убактарда үч жол кырсыгы катталды. Бирөөсүндө жөө жүргүнчү окуучу баланы сыйпап кетти. Эми сактыкка кордук жок дейт элибизде»- деп маалымат берди.
Кошбулак аймактык башкармалагынын башчысы Б. Э. Сапаркулов:»Жол белгилерин МАИ кызматкерлеринен кеңеш алып, Лейлектеги Жол Куруу ишканасынан алдырдым. Типтүү стандарттагы белгилер. Буйруса дагы эки- үч жерге тиешелүүлүгү боюнча белгилерди койдурамын. Бул боюнча шаардык мэриянын да көрсөтмөсү бар»- дейт.
«Айылыбыз Союз убагында «Восточный»- деп аталып эми заман башкача эле. Кошбулактын тарыхында биринчи жолу типтүү жол белгиси орнотулду окшойт. Ташев Б. Э. айыл өкмөт убагында жол белгилерин койдура баштады эле. Эми стандарттагы белгилер коюла баштады. Колдон келсе мен да демөөрчүлүк кыламын»- дейт МЧС тин отставкадагы майору, жеке ишкер Пазыл Момунов.
Кабарчы М. Исканов