Түп районунун Токтоян айылында сүттүн баасы барган сайын төмөндөп, айыл тургундарынын нааразычылыгын жартууда. Буга чейин 10-15 сомдон сатылган сүттүн литри учурда тогуз сомдон болууда.
Токтоян айлынын жашоочусу Айнагүл Сулайманова бул боюнча «Сүтбулактын» жетекчисине да кайрылышкандыгын айтты.
“Негизинен айылда көпчүлүгү мал чарбачылык менен алектенип, сүт өткөрүп жан багышат. Бирок, сүттүн баасы барган сайын төмөндөп жатат. «Сүтбулактан» бажы биримдигине өткөндөн кийин башка жерлерге биздин сүттөр өтпөй, сапатсыз болуп жатат дешти. Жайдын күнү сүттөр да көп болуп, ирип кетип жатат”, — деп Сулайманова.
Айылдын дагы бир тургуну Назира Адиева сүттүн баасы түшсө да, ак майдын баасы түшпөй жаткандыгын өз сөзүндө айтты.
“Биздин сүттүн акчасы бир жумада бир келет. Эки маалда күнүнө 15 литр сүт өткөрөм. Сүттүн баасы арзандаган сайын акча да аз ала баштадык. Бизге «Сүтбулактан» ак май да келип турат. Бирок, сүт арзандаган менен ак майдын баасы арзандаган жок”, — дейт ал.
Даярдаган: Бегимай Молдакунова
Редактор: Адилия Мундукова
Сынак үчүн