Бакай-Ата районундагы Ооган согушунун жоокерлерине арналган эстеликтин айланасы ирээтке келтирилди. Бул тууралуу Ооган согушунун ардагерлеринин төрагасы Нурбек Эшеналиев билдирди.
Бакай-Ата районунда жайгашкан Финка банкынын сактык кассасынын кызматкерлери 9-июль күнү айыл борборундагы Ооган согушунун жоокерлерине арналган эстеликтин айлана-чөйрөсүн тазалап, төрт эс алуу отургучун куруп беришти.
Сактык кассасынын жетекчисинин билдирүүсүндө, бул иш-аракеттер аталган банктын башкы кеңсесинин атайын акциясы катарында өткөрүлүүдө. Ал эми акциянын негизги максаты — аймактардагы каралбай же болбосо көмүскөдө калган эстеликтерге көңүл буруп, жакшы абалга келтирүү.
Өткөрүлгөн иш-чарага жалпысынан 20 миң сом каралган. Бул эстеликти Талас шаары, Талас району жана Бакай-Ата району биргелешип тандап алышкан.
Ооган согушунун ардагерлеринин төрагасы Нурбек Эшеналиевдин айтуусунда, бул эстелик курулгандан кийин Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн карамагына өткөрүлүп берилен, бирок көмүскөдө калып, каралбай калганы Ооган жоокерлеринин көңүлүн ооруткан.
Даярдаган: Темиралиев Рамис
Сынак үчүн
СҮсөн