Салттагыдай эле кыш мезгили жакындаган сайын өткөрүлүүчү жолбун иттерди аттыруу иштери жүрүп жатат.

Бул боюнча Кошбулак аймактык башкармалыгынын башчысы, Кыргыз Республикасынын муниципалдык Кызматынын отличниги Сапаркулов Бакытбек Эркинович: «Жолбун иттер аба ырайы суук боло баштаган мезгилде активдүүлүгү күчөйт, өзгөчө эртең менен мектепке, бала бакчага барган жеткинчектер үчүн кооптуу жагдай болуусу мүмкүн. Ошондуктан жылда күз мезгилинде «жолбун ит аттыруу иштерин уюштурабыз, мына бүгүн эле Кошбулактын борбордук бөлүгү боюнча 20 ит атылды. Бул ишчара бир жума бою жүргүзүлөт. Кимде иттер боюнча арыз, даттануу же сунушу болсо 0772988810 номерине кайрылсын»- деп маалымдады.

Кабарчы: Анварбек Тухтаров