Бүгүн 14.10.2016-жылы Сүлүктү шаардык мэриясы тарабынан уюштурулуп өткөрүлгөн координациялык Кеңешме бүткөндөн кийин, Кеңешменин бардык мүчөлөрүнүн катышуусу менен шаардын активи: Аксакалдар Соту, Аялдар Кеңеши, Жаштар Ынтымак Коому, мекеме ишканалардын жетекчилери, мечиттердин имамдары жана коомдук өзалдынча башкаруу аймактарынын башчылары катышты.


Жыйында Сүлүктү шаарынын Вице-мэри Марзия Эркиновна Сапаркулова кеңири маалымат берип, коомчулукка түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, мамлекеттин стабилдүүлүгү үчүн референдумга баруу зарыл экендигин белгиледи.

Жыйын соңунда Сүлүктү шаарынын мэри Абдузакир Арзыбаевич Ибрагимов коомчулукту ынтымакка чакырып, жыл соңунда белгиленүүчү Жергиликтүү Кеңештин Депутаттарын шайлоону жана өткөрүлүүсү күтүлгөн референдумду уюштуруу иштеринде провокацияга алдырбай, мамлекетибиздин туруктуулугу үчүн чыныгы мекенчил болууга чакырды.
Кабарчы: Б. Юсупова