Сүлүктү шаары боюнча «Улгайган жарандарга камкордук» акциясы уланууда. Учурда депутаттардын Сүлүктү шаардык Кеңешинин төрагасы Каныбек Исмаилов аз камсыз болгон 22 үй-бүлөгө ар бирине 500 кгдан бекер көмүр жеткирип берди.

Андан сырткары бир ден-соолугу боюнча мүмкүкнчүлүгү чектелген аялга ун, пахта майы жана башка азык түлүк менен кошо 1 тонна көмүр берди. Белгилей кетсек Каныбек Арзибекович жыл бою эле жардамга муктаж жарандарга материалдык жана моралдык жардамын көрсөтүп келет.
Баракелде, Депутат болсоң ушундай бол!
Төрага болсоң Ушундай төрага бол!


Кабарчы: Анварбек Тухтаров