“Компаньон” банкы түзүлгөндүгүнүн 12 жылдыгына карата Ак-Талаа райондук бөлүмүндө окуучуларга “Ачык эшиктер” күнү өткөрүлдү.
Анда окуучуларга банктын өкүлү Ж. Молдалиева кардарларга көрсөтүлүүчү кызматтар, депозиттер, акча тууралуу маалымат берди.

Андан соң окуучулар кызыккан суроолорду беришип жооп алышты. Аларды мектеп жашындагы балдар үчүн ар кандай мөөнөттөгү “Келечектеги миллион” депозити кызыктырды.

«Аталган депозит ар кандай мөөнөткө келишимдин негизинде ачылат. Ага 500 сомдон жогору акча каражатын банкка салып, ай сайын кошумчалап түрүү мүмкүнчүлүгү бар. Салынган акчага белгилүу пайыздагы акча кошулуп турат”, — деди Ж. Молдалиева.
Ошондой эле иш чаранын алкагында окуучуларга банк тарабынан белектер берилди.
Даярдаган: Нурбек кызы Аймырза, Тынычбекова Назими
Редактору: Тажиева Эльнура
Сынак үчүн