Ак-Талаа районунун 80 жылдыгына карата спорт бөлүмүнүн башчысы М. Чырмыев жана шахмат федерациясынын жетекчиси Д. Саткыновдун демилгеси менен уюштурулган шахмат боюнча мелдш жыйынтыкталды.

Мелдешке жалпы 20 оюнчу катышып, кызыктуу оюн көрсөтүштү. Жыйынтыгында 1-орун Рыскелди Батыркулов, 2-орун Жыргалбек Апасов, 3-орун Дайыркул Саткынов, 4-орунду Таалай Жыргалбек уулу жеңип алышып, акчалай сыйлыктарга ээ болушту.

Мелдешке Д. Саткынов акчалай демөөрчүлүк кылса, райондук спорт бөлүмү медаль, дипломдорду тапшырды. М. Чырмыевдин айтымында, райондун мааракесинин алкагында дагы спорттук мелдештер өткөрүлөт.
Даярдаган: Кубанычбекова Эльвира
Редактору: Тажиева Эльнура
Сынак үчүн