Нарын районунун Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев орто мектебинин 11-классынын окуучулары Жалпы республикалык тестирлөө (ЖРТ) боюнча кыргыз тили жана математика сабактарынан даярдана баштады. ЖРТга октябрь айынан баштап даярдануу чечимин ата-энелер колдоп, азыркы кезде 30дан көп окуучу айына бир сабакка 150 сомдон төлөп билим алышууда.


Октябрь айынан баштап ЖРТга даярдоо демилгеси мектеп директору Арзыгүл Шеримбековага таандык. Мектеп директору 11-класстардын ата-энелер жыйынында бул маселени көтөрүп, ата-энелер балдарын акча төлөтүп окутууга макул болушкан.

Жалпы 11-класстардын саны 40тан ашат. Учурда алардын 30дан көбү курска катышууда.

Быйылкы мектеп бүтүрүүчүсү Темирлан Тойунбек уулу курска катышуу менен өзүмдүн билимимди жогорулатам дейт.

«Кыргыз тил жана математика негизги тест болгондуктан биз аны жакшы билишибиз керек. Себеби бул өзүбүзгө эле керек. Буйурса ЖРТдан жакшы балл алам деп үмүттөнүп жатам», — деди.
ЖРТга даярдануу үчүн 11-класстар жумасына эки жолу мектепке келишет. Ар бир сабак 90 мүнөттөн өтүлөт.

Келечекте дизайнер болууну кыялданган Бүбүсина Нурбекова ЖРТ биз үчүн көп нерсени чечип койушу мүмкүн дейт.

«Быйыл бере турчу ЖРТдан чынында коркуп атам. Себеби ЖРТдан аз балл алып калсам жогорку окуу жайлардын бюджетине өтө албай калам. Ошондуктан ЖРТ биздин кийинки келечегибизди чечип коёт. Бул курс мага жакшы балл алганга жардам берет», — дейт Нурбекова.

Кыргыз тили боюнча ЖРТга Гүлмира Жумагулова даярдап жатса, математика сабагынан Таалай Токтолов даярдоодо.
Даярдаган: Нурдан Адилет кызы
Редактору: Алмаз Эшбаев
Сынак үчүн