Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылынын тургуну, зергер, бир канча сыйлык ээси Сүйүн Момунбаевдин өнөрканасына баш багып, аны менен маек курдук.

Сиз канча жылдан бери кол ѳнѳрчγлγк менен алектенип келесиз?
— Менин атам чоң уста болгон, апам да уз киши болгон. Ошолордон калган көрөңгө. Бала кезимен эле окуп жургѳндѳ атама жардам берчγмγн. Сγймѳнкул Чокморов атындагы кѳркѳм сγрѳт жана кол ѳнѳрчγлγк окуу жайын бγтγргѳндѳн баштап эле, ушул ишти аркалап келем. Иштегениме 40-50 жылдай болуп калды.

Yй-бγлѳнγз жѳнγндѳ айта кетсеңиз. Сиздин канча уул, канча кызыңыз бар жана сиздин жолуңузду жолдогондору барбы?
— Бар. Эки эркек, γч кызым бар. Уулдарым деле кармайт, азыр башка жумуш менен алек, бирок устачылыкты, техниканы билет. Даана кармаган Зинат кызым, кѳркѳм сγрѳт академиясын бγтγргѳн. Азыр шаарда сγрѳтчγ болуп иштеп жатат. Кѳчмѳндѳр оюнунун сахнасы кызымдын эскизи менен жасалгалоо болду. Чоң сγрѳтчγлѳргѳ жардамчы болуп иштеди.
Азыр кѳбγнчѳ эмнелерди жасайсыз?
— Азыр кемер-курларды жасап жатам. Кѳчмѳндѳр оюнунда сатылды. Булардын бирѳѳ он миң, сегиз миң сомдон сатылат. Сайра Момунбаева карындашым да чоң ууз, театр чебери, актриса, ырчы. Ал дагы актрисалардын кийимин тигет. Каныбызда бар. Атабыз, апабыз уста кишилер болгон. Бизге ошолордон калган. Ушул менен эле бир эле жумушта иштеп келе жатам. Шаардан ар кандай тери-булгаарыларды алып келем.
Сиз Тайлак баатырдын 220 жылдыгы болгондо, Германияга жолдомо утуп алдыныз эле. Качан барып келейин деп жатасыз?
— Тайлактын 220 жылдыгында кол ѳнѳрчγлѳрдγн алдыңкысы болуп, Германияга жолдомо берди. Ал Кыргызстан менен Германиянын биргелешкен уюмдары. Кол ѳнѳрчγ, усталарды колдой турган уюм экен. Анан ноябрь айында деп айтылган, бирок ноябрдын числосу бекиле элек, буюрса болот го. Мынча айтылып, жарыя кылынгандан кийин барабыз да.

Жаштарга каалоо тилек айтып койсоңуз.
— Жаштарга ѳмγр, ден-соолук, билим, ыйман каалайм, ыймандуу болсо бардыгы болот. Ыймансыз киши эч нерсе жасай албайт. Ыйманы жок болсо, окууну дагы, жумушту дагы бγтγрѳ албайт.
Ишиңизге ийгилик! Чоң рахмат!
Даярдаган: Нурбек кызы Аймырза
Редактору: Тажиева Элнура
Сынак үчүн