Учурда окуучулар салтуу түрдө билим алып жатышат. Онлайн окуу билим берүүнүн сапатын начарлатканы айтылган. Жүргүзүлгөн сурамжылоолордо дагы окуучу, мугалим жана ата-энелер бир ооздон салтуу түрдө окууну каалашарын айтышкан. Адистер ата-энелерге балдардын салтуу түрдө окуунун улантуусун кааласаңыз аларга өзгөчө көңүл буруу керектигин эскертишет.
Окуунун салтуу түрдө башталганы окуучуларды кубанычка бөлөдү. Аймактарда КР Саламаттык сактоо жана Билим берүү министрликттери биргелешип иштеп чыккан атайын алгоритмдин негизинде санитардык эрежелерди сактап билим-берүүнү уюштуруп жатышат. Ага кошумча мугалимдер дагы эмдөөдөн өтүп бүтүшкөн. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин ооруларды алдын алуу жана санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин балдар жана өспүрүмдөр гигиенасы бөлүмүнүн адиси Мария Кушубакова мындай тартипте окуунун улануусу үчүн бир катар тапшырмалар аткарылуусу тийиш:
“Бир жылдан ашык балдар үйдө отуруп калып мектепкке барууну самашты. Окуу ушундай тартипте улансын десе ата-эне биринчи кезекте балдарга өзгөчө кам көрүш керек. Учурда күз айлары болуп калды күндүн салкындашы күтүлөт. Ушул кезде суукка урунуп сасык тумоо, курч респиратордук вируска чалдыгып калбоо үчүн аракет көрүү маанилүү. Ага туура тамактануу, санитардык эрежелерди так аткаруу, күнүмдүк режим кирет.”
Мария Кушубакова жаштар ооруп калып вирусту жуктуруп алса өзүнүн иммунитети жогору болуп жеңилирээк көтөргөнү менен башкаларга жугузуу коркунучу чоң экенин белгилейт. Учурда вирус дагы улам мутацияланып күчтөнүп жатат. Былтыр бир киши 5-6 адамга жуктура турган болсо, азыр 15-20 кишиге жуктуруп коюу шарты бар:
“Алгоритм боюнча мектепте бир класста бала ооруп кала турган болсо ошол класс гана онлайн окууга кетет, эгер 2-3 бала ар кайсы класстардан ооруп калышса анда мектептин баары аралыктан окууга аргасыз болушат. Андыктан мындай шарт жаралбашы үчүн балдарды таза, тыкан кылып ичкен тамагына көңүл буруу зарыл. Ошондой эле, дене табы көтөрүлүп, алсыз болуп кандайдыр бир белгилер байкалса дарыгерлерге кайрылып баланы мектепкке жөнөтпөй туруу керек.”
Мария Кушубакова ковид менен күрөшүүнү ар дайым эле айтып келгенге карабай учурда эл кош көңүл мамиле жасап калганын айтат. Качан гана эпидемиологиялык кырдаал күчөп турганда эске алып калбастан, негизи бул шарттар күнүмдүк турмушта күн сайын жасалып турууга тийиш. Ошол эле колду тез-тез жуу, чүчкүрүү этикетин сактоо, бөлмөнү желдетүү дайыма эле аткарылып туруучу иш экенин эскертет.
Окуучулар үчүн: Жаңы окуу жылын кантип ийгиликтүү баштоо керек?
Мектепке көмөк көрсөткөн «Энелер мектеби»
Жергиликтүү элдин өнүгүүсүндө маданий иш-чаралардын орду чоң
Айгерим Кубатбекова