Кыргызстанда COVID-19 вирусунун омикрон штаммы катталып, мындан улам 4-толкун башталды. 13-январга карата ковид-19дун жаңы 742 учуру катталып,3 адам каза болду. Эпидемиолог Жаныбек Убраимов вирустун күч алуусун же тескерисинче азайуусу адамдардын жүрүш-турушуна байланыштуу. Тактап айтканда санитардык эрежелерди канчалык сактаганынан көз каранды болорун айтат.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму дагы бир күндө дүйнөдө коронавирусту жуктургандардын эң көп саны катталганын белгилеп, акыркы 24 саатта эле 3 миллиондон ашык учур аныкталганын билдирди. Бул пандемия мезгилиндеги эң жогорку көрсөткүч болуп саналат. Саламаттык сактоо министрлигининин Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын адиси, эпидемиолог Жаныбек Убраимов ооруну жугузгандардын саны өсүп жатканын жаңы жылдык майрамдарга байланыштырат. Себеби бул учурда адамдар бири-бири менен байланышта болушкан:
“Жаңы жылдык майрамдын арты менен бири-бирибизди конокко чакырып социалдык аралык сакталбагандыктан болду десем болот. Жаңы жылга чейин ооруну жугузгандардын саны 40-50 тегерегинде гана катталып келген. Майрамдан соң инкубациялык убакыт өтүп 10-январдан тарта илдетти жуктургандардын саны өстү.”
Омикрон штаммы эмнеси менен коопту жана башка түрлөрдөн кантип айырмаланат?
Омикрон коронавирустун 32 жолу генетикалык өзгөрүүгө дуушар болуп пайда болгон түрү. Эң алгач Түштүк Африка өлкөлөрүндө катталып, бүгүнкү күндө 80ге жакын өлкөгө тараганы аныкталды. Жаңы штаммдын өзгөчөлүгү боюнча дагы деле болсо изилденип жатат. Учурда маалым болгон өзгөчөлүгү анын бат тараганында. Коронавирустун башка түрлөрүнө караганда 4 эседен көп бат тараганга мүмкүнчүлүгү бар.
Омикрон штаммынын белгилери:
— баш оору
— ден табынын көтөрүлүүсү
— тамак оору
— түнкүсүн тердөө
Негизинен кадимки ОРВИ белгилерине окшош
Омикрон дельтага караганда жеңил өтөбү?
Омикрон тамак жана мурун көңдөйүндө ооруну козгойт. Эн негизгиси өпкөнү жабыркатпайт. Омикрон менен өпкөнү жабыркаткан учур өтө ылдыйкы көрсөткүчтө. Ошондуктан негизги дем алуу органы болгон өпкөнү сезгентпегенден кийин оору жеңил өтөт деп окумуштуулар айтып жатышат.
Жаныбек Убраимов адамдарды дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырат. Себеби (паника) алдыруу иммунитеттин төмөндөшүнө алып келет. Жөнөкөй эле айтылып жаткан санитардык эрежелерди аткаруу зарыл. Айтылып жаткан талаптар көп деле кыйынчылык же финансылык каражат талап кылбайт. Андыктан төмөндөгү эрежелерди сактаңыз.
— эмдөөдөн өтүңүз
— эл көп чогулган жерлерден алыс болуңуз
— беткап тагынууну унутпаңыз
— беткапты 2-3 саат сайын алмаштыруу
— колду жууп, дезинфекциялоо
— 1 метр аралыкты сактоо
— имараттарды желдетип, нымдуу тазалоо иштерин жүргүзүңүз (үйдө жана кеңселерде).
Айгерим Кубатбекова