«Ак кептер» мультимедиа борборунун волонтёрлору 2-ноябрь күнү Коомдук телерадио корпорациясына жана Жогорку Кеңешке экскурсияга барып кайтты. Экскурсияны Диана Рахманова уюштурду.
Саат 11де ыктыярчыларды КТРКнын кире беришинен корпорациянын кызматкери Адель Лаишева тосуп алды да, балдарды Кыргызстанда радио жана телевидениенин качан пайда болгону тууралуу кеп кылып берди.

Андан сырткары телерадионун учурдагы абалы тууралуу кызыктуу аңгеме-маек куруп берди. Ошондой эле кире бергендеги КТРКнын музейи менен тааныштырып, кандай аппараттар менен кызматкерлердин иштегендерин айтып жана көрсөтүп берди.
Андан кийин ыктырчыларды КТРКнын студиялары менен тааныштырып, кызыктуу маек куруп берди. Ыктыярчылар «Замана», «Баластан» студияларында, которуу жана монтаждоочу жайлар менен таанышышты.
Которулуп жаткан мультфильм жана кинолорду көрүштү. Экскурсия эң соонун өттү. Балдарга бул иш чара эң чоң таасир калтырды, көп суроолор берилип, баардыгы кызыктуу өттү.
Тамактангандан кийин, ыктыярчылар саат 14:00дө Жогорку Кеңешке барышты. Ал жактан да медиаыктыярчылырды абдан жакшы тосуп алышты.
Биринчи эле алар жыйындар залына барышып, депутаттардын иш жайын көрүштү.
Андан кийин парламентин радиостудиясында болушту.
Журналисттер экскурсанттардан репортаж да алып калышты.
Экскурсиянын убагында Жогорку Кеңештин депутаты «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Чиркешевич Текебаев менен жолугушуп, маек курушуп, эстеликке сүрөткө түшүштү.
Парламенттин кызматкерлери ыктыярчыларды эң соонун тосуп алышты.
Чай берип, сыйлап узатышты. Бүгүнкү экскурсия балдарга чоң таасир калтырды.
Даярдаган: Чакчагаев С.