Нарын районуна караштуу Куланак айылынан чыккан таштандылар айыл четиндеги бак терек чөлкөмүндөгү полигондо орун алган. Таштанды полигонуна жарактан чыккан тиричилик буюмдары, бөтөлкө, мал терилери, курулуш калдыктары жана от жагуудан чыккан күлдөр дагы төгүлөт. Таштандылар сорттолуп жана атайын казылган аңга төгүлбөгөндүктөн айылдын кире беришиндеги жолду булгап келет.
Аталган полигон 2012-жылдан бери айыл элине кызмат кылып келет. Айылдын күн чыгыш тарабынан орун алып, айылдан 3 км алыстыкта жайгашкан. Ал аралыкта жаз, жай жана күз айларында атайын түрттүрү иштери жүрүп келет. Анын айланасы жакшы тосулбагандыктан тургундар таштандыны төгүүдө атайын казылган аңга төкпөстөн, оозуна төгүп кетип турушкан.
Учкун айыл аймагынын жайыт комитетинин теникалык унаасы менен түрттүрүү иштери жүргөндөн кийин, полигондун жанына үй куруп отурукташкан айыл тургуну Кайрат Абдысаматов кароолчулук милдетин аткаруу үчүн милдеттеме алып, көзөмөлгө ала баштады.
«Бул жер 2012-жылы ачылган. Буга чейин айыл эли айылдын четтерине таштандыларын төгүп келген. Бул жер тосулган болсо иштегенге да абдан ыңгайлуу болмок. Жайкысын полигондун эшиги ар дайым ачык. Азыркы айыл өкмөт башчысы курулуш таштандыларын таштоого тыюу салып жатат. Мал түшкөндөн кийин оозун бекитебиз. Себеби, жашылдандыруу иштерин жүргүзүү үчүн полигондун 2 башына терек, талдардан айдап койгом. Элде кичине тартип жок болуп жатат. Таштанды кабын, баштыктарын аңга таштабай жатышат. Элге айтаарым таштанды ыргытканда атайын аңга ыргытышса, техника менен келишсе деле туура төксө болот да…» — дейт Кайрат Абдысаматов.
Ал эми бул боюнча Учкун айыл аймагынын айыл өкмөтү Эркин Өмүрзаков буларга токтолду:
«Жакында эле түрттүрүү жана тазалоо иштери болуп өттү. Полигондун жанында жашаган айыл тургуну Кайратка терең ыраазычылык билдирем. Канча жылдан бери тегерегин жашылдандыруу иштерин жүргүзуп келет. Жайыт комитетинин техникасынын күчү менен тазалоо иштери жүрдү. Эми таштанды төккөн айыл тургундары Кайраттын көзөмөлү менен таштанды ташташат. Эгер баш ийбеген айыл тургундары болсо Кайраттын арызданууга укугу бар. Кароолчулук милдетин мойнуна алып, учурда айыл үчүн бекер кызмат көрсөтүп келе жатат. Таштанды таштоочу полигонду ирээттүү колдонсок дагы 3 жылга кызмат кылчу орду бар».
Буга чейин болуп өткөн коомдук угууда Учкун айыл өкмөтү биринчиден тазалыкты колго алуу керектигин баса белгилеп муниципалдык ишкана ачууну 1 маселеге коюп, аны ишке ашыруу үчүн иш аракеттер жүрөрүн айтып өткөн.
Таштанды – сырьёнун, ар кандай материалдардын бөлүгү, калдыгы же баштапкы сапатын жоготкон продукция. Алар атайын бөлүнүп берилген жерлерге төгүлүп, коюлган шарттарга жооп бериши талап кылынат. Таштанды кээде сырьё катары кайрадан иштетилет же жок кылынып, көмүлөт. Таштанды айлана-чөйрөнү булгоочу заттардын негизгилеринен. Ал адамдын саламаттыгына, тирүү организмдерге жана айлана-чөйрөгө терс таасирин тийгизет. Алар энергетикадан, өнөр жайдан, айыл чарбадан, транспорттон, турак жайдан жана башкалардан түрдүү жолдор (газ, суюк, катуу абалында) менен чөйрөгө бөлүнөт да, экологиялык проблемалардын өзөгүн түзөт. Мисалы, автотранспорттон ж. б. тармактан бөлүнгөн түтүндүн жана башка заттардын кесепетинен атмосферада түтүн пайда болот. Ал өз кезегинде адамдын дем алуу органдарын ооруга чалдыктырат. 1980-жылы дүйнөдө эсептелген таштандылар 100 млрд тоннага жеткен. Акыркы маалыматтарга таянсак ал 300–350 млрд тонна болгон.
Бул материал Фридрих Эберт атындагы Кыргызстандагы Фонд тарабынан колдоого алынды. Мазмунундагы ой-пикирлер фонддун көз карашын чагылдырбайт.
Айзат Түмөнбаева