Бишкек шаарынын 15 жаштагы тургуну Сауле жаңы долбоорду жүзөгө ашырды. Ал экологияны таштандыдан сактоого арналат. Тактап айтканда, балык формасындагы урналар бөтөлкөнү бөлүп чогултуу үчүн Калыс-Ордо конушундагы көчөлөрдөн орун алды.
Археологиялык окуяларга кызыгам деген 15 жаштагы Сауле жаңы долбоорду жүзөгө ашырды. Ал экологияны таштандыдан сактоого арналат.
“Таштандынын түтүнү биздин үйгө чейин келип турат. Эшик, терезени ачык коюу мумкүн эмес. Кээде терезени ачып койсом, түтүн үйгө кирет. Кайра эле жабууга туура келет. Экология, таштанды темасы бизден алыс, бизге тиешеси жок деп ойлошубуз мүмкүн. Бирок, таштанды бир топ оорууга себеп болот. Ошондуткан, мен кичине болсо дагы салымымды кошууну чечтим. Ата-энем Калыс -Ордого мен төрөлө электе эле көчүп келиптир”.
Бишкек шаардык таштанды полигонундагы түтүн Сауле жашаган Калыс-Ордого чейин жетет. Мындай көрүнүш караманыбызды ойлонтуп гана тим болбостон, чечим кабыл алууга дагы түрткү болгон.
“Мен пластикти, картонду, айнекти өз-өзүнчө бөлүп сорттойм деп ойлоп жаткам. Бирок, дагы башкача креативдүү аракет кылып көрүүнү чечтим. Анан бөтөлкө салуучу урнаны балык формасында жасадык. Муну менен адамдарга “балыктын курсагын тойгуз, көчөнү таза карма” деп чакырык кылам”.
Мындай балык формасындагы 4 урна Сауленин долбоорунун аркасында Калыс-Ордо конушунда орун алды. Алар эл көп жүрө турган аялдама, супермаркет алдына коюлган.
“Бул долбоор Жаштар өнүктүрүү институту тарабынан колдоо тапты. Менде долбоорду жүзөгө ашырууда кыйынчылыктар болду. Ушул урналарды койсом эле эл дароо бөтөлкөлөрдү бөтөлкө урнасына салат деп ойлоп алыптырмын. Чындыгында, андай эмес экен. Бөтөлкө менен кошо таштандыны дагы ыргытып салышат…”
Бирок, ошентсе дагы Сауле өзгөрүү бар экенин кубануу менен белгиледи.
“Биздин көчөдөгү таштандыны ар бейшемби алып кетишет. Коңшуларыбыз бөтөлкөлөрдү өзүнчө чогултууну өздөштүрүп калышты. Алар бөтөлкөлөрдү башка таштандыга кошуп ыргытпай, балык кутусуна салып коюп жатышат”.
Сауле чогулган балык урнасындагы бөтөлкөлөр акчага, андан ары кеңсе жабдыктарына айланарын баса белгиледи. Ал чогулган бөтөлкөлөрдү сатып, анын акчасын алдыда билим берүү багытына корото тургандыгын билдирди.
“Чакан кеңсе түзүп жатабыз. Буюрса, ал жерде англис тили ж.б тил ийримдери, мастер-класстар өтүлөт. Бөтөлкөдөн түшкөн каражатка ошол кеңсеге керектүү жабдыктарды алмакчыбыз. Мисалы, азыр принтер сатып алуу үчүн бөтөлкөлөрдүн акчасын чогултуп жатабыз”.
Ар бир урнаны балык формасында жасатуу кыйын болгонун белгилеген Сауле бул аракет экологияга көңүл бурууга жардам берет деп эсептейт. Жаш жеткинчек таштандыны кайра иштетүүчү фабрикалар болсо деп кыялданат. Ошондой эле, ал ар бир адам ашыкча чыгымдарды кыскартканды билсе экологияга чон салым кошкон болот дейт.
“Менин укканым боюнча таштанды полигонунан жылына 200 миңдей кийим чыгат экен. Ал кийим деле асмандан келбейт да… Аларды деле биз табияттан алабыз. Бактар кыйылат, суу, боек керектелет дегендей… Ошондуктан, колубуздагы ресурстарды сактабасак эртең өз өмүрүбүз коркунучка келет”.
Касиет Кубанычбек кызы
Эко той: Сиздин той экологияга терс таасирин тийгизбесин десеңиз…