Нарын районуна караштуу Учкун айыл өкмөтүндө «ковид — 19» пандемиясын алдын алууда атайын буйруктар менен иш алып барып жатат
Учкун айыл аймагына Учкун жана Куланак айылдары карайт. Эки айылдын жалпы тургундарынын саны 6755.
4 -май 2021 — жылдын №24 буйругунда калктын саламаттыгын кароо максатында «Ковид — 19» жана өзгөчө кырдаалга байланыштуу 2021 — жылдын бюджетинен пайдаланууга бөлүнгөн каражаттарын жана мобилдик топту түзүү жөнүндө буйрук чыккан.
Буйрукта Учкун айыл аймагында Ковид — 19 жана өзгөчө кырдаалга байланыштуу төмөндөгү курамдагы мобилдик топ түзүлгөн.
Жогоруда түзүлгөн мобилдик топтун төрайымы Анара Балтабаева төмөндөгүлөргө токтолду:
«Негизи айылда абал тынч. Андай болгон күндө дагы айылдын ватсап группаларына айыл өкмөттүн кеңсесине жана көчөлөргө атайын эки айылдын дарыгерлеринин жана мед кызматкерлеринин мобилдик телефондорун кагазга чыгарып ар жерлерге илдик, кандай учур болсо дагы элде байланыш бар болсун деген максатта».
Айзат Түмөнбаева