Учурда калкты Ковид-19 вирусуна каршы эмдөөнүн биринчи этабы аягына чыкты. Эмдөө учурунда бир топ тоскоолдуктар болду. Ал жарандардын социалдык тармактардагы фейк маалыматтарга ишенүүсү. Бул тууралуу Кочкор райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунун инфекционист-дарыгери Наристе Бейшекеева бизге маек куруп берди.
-Саламатсызбы?
-Саламатчылык.
-Маанайыңыз кандай?
-Рахмат, абдан жакшы.
-Наристе Акылбековна, вакцинациянын биринчи этабын жүргүзүүдө кандай тоскоолдуктар болду?
-Чындыгында башында эмдөө жүргүзүүдө бизге кыйынчылыктар жаралды. Себеби көп адамдар соц.тармактардан келген жалган маалыматтарга ишенип эмдөөдөн баш тартышты.Бул биздин медиасабаттулук жактан маалыматыбыз жок экенинен кабар берет.
-Район боюнча канча адам эмдөөдөн өттү?
-Район боюнча жалпысынан 700 адам кытай вакцинасы менен, ал эми 130 адам россиялык вакцина менен эмдөөдөн өтүштү. Жалпы 830 адам.
-Биринчи кезекте вакцина кайсы категориядагы жарандарга жасалды?
-Аталган борбордо атайын бөлмө ачылып, башкы дарыгердин буйругу менен дарыгерлер бекитилген. Биринчи кезекте медицина кызматкерлери, ӨКМда иштегендер, мугалимдер жана милиция кызматкерлери эмдөөдөн өтүштү.
-Эмдөөдөн өтүү тууралуу жарандарга кандай кеңеш айтасыз?
-Вакцинаны сөзсүз түрдө сайдырыш керек деп айтам. Өзүңүз билгендей күн сайын адамдардын өлүмү катталып атат. Эгерде адам бул оору менен ооруп калса, анда оору жеңил түрдө өтөт. Эч качан фейк маалыматтарга ишенбеңиздер деп айтат элем.
-Маегиңизге чоң рахмат!
Коопсуздукту сактоо максатында кызыл зона уюштурулган
Өзүнүн атын атагысы келбеген айыл тургуну вакцина алуудан эмне үчүн баш тарткандыгынын себебин айтып берди:
«50 жаштамын. Кочкор районундагы Кара-Суу айылында жашайм. Бюджеттик мекемелердин биринде иштейм. Вакцина жүргүзүлөт деген кабарды укканда абдан сүйүнгөм. Бирок социалдык тармактардан вакцинанын зыяндуулугу тууралуу ар кандай маалыматтар келе баштады. Бул эле эмес кээ бир адамдар, кесиптештерим да туура эмес жалган маалыматтарды айтып жатышты. Жалган маалыматтарга ишенип эмдөөдөн баш тарттым. Азыркы учурда мунун баары жалган экенин түшүнүп, эмдөөдөн өтөйүн деп жатам».
Бакыт Кожокматов