Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Б.Купешев Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылынын Ой-Терскен орто мектебине келип кетти.
Бул тууралуу маалыматты аталган мектептин директору Рулсан Абдылдаев билдирди: «Билим берүү министринин бул иш-сапарынын негизги максаты- көйгөйлүү мектептер менен жеринен таанышуу экен. Биздин мектеп дагы кооптуу мектептердин катарында болгондуктан ЮНИСЕФтин жаңы мектеп салуу грантын алууга мүмкүнчүлүк түзүлүп жаткан. Ал эми билим берүү министри биздин мектептин абалы менен таанышып, кооптуу жерлерин көрүп, кандай жардам жана колдоо керек экенин талкуулады.
Ой-Терскен орто мектебинин жамааты менен жолугушуу
Андан тышкары, мектеп жамааты менен жолугушуп, ар кандай көйгөйлөр, мектептеги жалпы абал жана жетишкендиктер жөнүндө айтылды. Биздин мектептен тышкары, Баш-Кайыңды айылынын мектеби жана Ат-Башыдагы жаңы курулуп жаткан кесиптик лицей менен таанышты».
Билим берүү министри көйгөйлүү деп эсептелген мектептер менен жеринен таанышкан
Ат-Башы районундагы жаңылыктар тууралуу окуңуз:
Ат-Башы районуна жаңы акимдин орун басары ишке киришти
Асель Уркунбаева