Нарын районунун Учкун айыл өкмөт башчылыгына эки талапкер ат салышып, Касымакун Мамырбаев Учкун айыл аймагынын башчысы болуп шайланды. Биз жаңы шайланган айыл өкмөт башчысы менен өзүн бул кызматты ээлеш үчүн жетиштүү тажрыйбасы барбы жана келечектеги пландары тууралуу суроо узаттык.
Касымакун Мамырбаев 38 жашта, жогорку билимдүү, алты баланын атасы.

— Буга чейин айыл округунда айыл башчы болуп эмгектенгем. 2013-жылдан бери эмгектенип келем. 2015-жылы Кыргыз Республикасынын президентине караштуу, мамлекетти башкаруу академиясынын бир жылдык магистратура курсун бүтүп келдим. Кайрадан өз ордумда иштеп жаткам. Жергиликтүү айыл аймактын шайлоосуна талапкер болуп, өтүм кеттим. Төрт жылдык тажрыйбам бар.
Өзүмдү даяр кадрмын деп эсептейм. “Эл үчүн кызмат кылайын” деп аракеттенип тапшырдым. Буга чейин өзүмдүн бир топ платформамды тааныштыргам, жети пунктан турат. Анын ичинде, айылдын өнүгүү планы, элди модернизациялоо, социалдык-экономикалык абалды көтөрүү, таза, кылдат, ак ниет иш алып баруу пландарыбыз бар. Биз дотацияда турабыз. 40 пайызын өзүбүздүн бюджетибизден каржыласак, калган 60 пайызы дотацияда турат. Биринчи кезек инвестиция тартуу. Эл аралык донорлор менен иштөө. Буюрса баары алдыда, баардык ишти акырындык менен бүтүрөбүз деген ойдомун.
Автор: Медина Сарбагыш кызы
Тренер: Бегимай Талантбек кызы
Сынак үчүн