21-февраль күнү Кара-Талаа айылында ырчылардын коштоосунда кайрымдуулук концерти коюлду. Бул концертке негизинен мектеп окуучулары катышышты.
Максаты мүмкүнчүлүгү чектелген, жардамга муктаж балдарга кайрымдуулук кылып жардам кылуу максатында жеке эле Кара-Талаа айылында эмес Тоң району боюнча бардык айылдарда ,айыл тургундарына ошондой эле мектеп окуучуларына чакан концерттерин тартуулашууда.
Топтун башчысы Талгат Атабаев кайрымдуулук концерти тууралуу биз менен маек курду:
«Биздин кайрымдуулук концертибиз 15 күндөн бери Тоң жергесин кыдырып келе жатабыз. Аз камсыз болгон, көп балалуу жана жетишпеген майып балдарга концерттен түшкөн каражатты ошол балдарга кышкы кийим жагынан жардам берип келе жатабыз. Ал эми бүгүнкү коюлуп жаткан концертибиз Бар-Булак айылынын кичинекей тургуну Алмазбек кызы Раяна аттуу карындашыбызга колдоо көрсөтүү максатында концерттерибизди коюп жатабыз. Буга чейин Шор-Булак, Бар-Булак айылдарында коюп 30 миң сом каражат бөлүп бердик. Андан тышкары дагы өзүбүздүн колубуздан келишинче ушундай акцияны уюштуруп жатабыз. Концерт негизинен мектеп окуучуларына коюлууда. Биз менен өзүмдүн тобумда ырчы Айдай деген карындашым бар ошондой эле топто Бека Намазалиев деген обончу аткаруучу ырчы жигитибиз менен чакан концертибизди тарттуулоодобуз. Биз Боконбаев айылынан келип айылдарды кыдырып келе жатабыз.»

Болот Алаков мектебинин президенти Бактыбекова Жамиля кайрымдуулук концерти тууралуу өз оюн билдирди:

«Мектеп окуучуларынын катышуусунда ырчылар келип атайын чакан концерт коюшту, ал эми жалпы мектеп окуучулары жардам катары аз болсо да каражат чогултуп беришти. Ушундай балдарга жардам берип жаткандарына ыраазыбыз. Мектеп окуучулары туура кабыл алышып толугу менен катышып бергенге аракет кылышты. Башка мектептерде дагы кайдыгер карабай кичине болсо да жардам кылып коюшса жакшы болмок деген ойдомун.»
Даярдагандар: Жаңылай Тилекова, Айгерим Адикова