А.Аралбаев орто мектебинде ачылган типтүү ашкананын иши мыкты деңгээлде өтүп жатат. Долбоор боюнча жаңы ашканага приборлору алынып келинген. Алардын азыркы учурда абалы жакшы жана өзүнүн кызматын мыкты аткарып жатат
Ашкана тармагында кызматын өтөп келген Жыргал айымдын айтымында “ Бул жаңы ашканада тамак жасоо оңой болуп калды, себеби мурунку ашканада бир гана газ плита болгондуктан тамактын баарын тең жазай албай калган учурлар болчу. Азыр убакта жакшы, бардыгы жакшы иштеп, бизге чоң эле жардамын көрсөтүп жатат”
Окуучуларга күн сайын турдүү витаминдүү тамактар жасалып, убагы менен берилип турат.Тамак ичүу менен катар окуучунун сабакка болгон мамилеси жакшырып,көңүлү көтөрүмкү болот.
Нан бышыруучу жана камыр жууручу жабдыктар да бар.
Тамак бышырган төрт көздүү плита
Жер-жемиш жана чийки заттарды сактоочу муздаткычтар.
Адам баласы алдуу, күчтүү болуш үчүн эн биринчи витаминдүү азыктар менен кам болушу абзел. Ден-соолугун чың болсо, акылың да, жүрүм турумүң да жакшы болот. Ошол себеп мектептен берилип жаткан витаминдүү тамак ар бир окуучунун ден-соолугу.
автор: Перизат Кубанычбекова, Зулайка Мирлан кызы
Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка