Баетов айылында авто унааларды оңдоочу жай ачылганына бир нече убакыт болду.Бул жерде адистер авто унаанын ар түрдүү тетиктерин оңдоп, чийилген ,так болгон жерлерин сырдап, жаңыртып элге эмгек кылууда.Азыркы учурда бул унаа оңдоо жайында эки адам иш жүргүзүп жатышат. Бул боюнча кабарчыбыз Конокбаева Айганыш билип келди:
“Шаардан алыс тургандыктан ушул жерден эле оңдоп түздөп бергенге жана эл керегине жараш үчүн ачканбыз.Өңдоо түздөө түрлөрү ходовой час деп аталат машинанын дөңгөлөктөрүн жүрө турган жерлерин оңдоп түзөп беребиз. 2003 жылдан баштап иштеп келебиз.”
Ошондой эле унаа жайынын кардары өзүнүн ой пикирин билдирип кетти:
“Бул унаа жайдын ачылганына өзүмдүн көз карашым абдан жакшы. Биринчиден элге жакшы болду, мурун машина оңдойбуз деп Бишкекке,Нарынга барчубуз.Азыр унаа жайы ачылып элге жеңилдик болуп калды негизи эле менин көз карашым абдан жакшы.”
“Эмгек менен эл көгөрөт, жамгыр менен жер көгөрөт”-дегендей ушу унаа жайы дагы да элге кызматын кылып, өнүгө берсин деген ой тилектерибизди айтып кетмекчибиз.
Даярдагандар:Конокбаева Айганыш
Муратбекова Нурпери
Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка”