А.Аралбаев орто мектебинде “жакшылык, кайрымдуулук, боорукерлик” темасында кызуу талкуу болду. Шамуратова Турдубүбү “ Баястан» коммерциялык эмес уюмдун башчысы” жана мугалим Мунара эже мектеп окуучуларына жана ата энелерге семинар-тренинг өттү.
Мектепте атайын ыктыярдуу топтон түзүлгөн жогорку класстын волонтерлору бар. Бул жаш активисттердин түзүлгөнүнө бир аз убакыт болсо да иштерин алдыга жылдыруу үчүн ,изденип семинар тренингдерге катышып келишет. Мектеп окуучуларында 20-майда бүйүр кызыткан “Кайрымдуулук, боорукерлик, жакшылык” деген темада талкуу болуп өттү.
Окуучуларды ойго салган жакшы суроолор да берилип өттү. Муктаж адамга колдон келген жардамын аябастыгын семинардын ар бир катышуучусу түшүндү.
Адам баласы ар дайым жашылыгын аябастан, муктаж адамга жардам берүүдөн баш тартпашы керек. Жана жардам көрсөткөн соң ал адамдан кайра талап кылбоо дурус. Жардам көрсөткөн адамдан азыр эч кандай жооп ала албасаң да, кийин бир күнү сөзсүз жооп алаарыңды билгин.
Автор: Айзат Түмөнбаева, Перизат Кубанычбекова
Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка