Улахол айыл аймагынын Кара шаар айылында «Максат» мал чарбасында тѳѳ куштар багылып жатат. Тѳѳ куштарды багып, пайда кѳрүү менен бирге туйшугун тартып келе жаткан жогоруда аталган мал чарбасынын жетекчиси Иманов Заирбек буларды айтат: «Тѳѳ куштарды телевизордон кѳрүп кызыгып жүрчүбүз, Сокулукта багылып жатканын билип, биз жумурткаларын алып келдик. Жаз мезгилинде жумуртканы инкубаторго салып, аны чыгарып жатканда кыйналабыз. Кантип туура багабыз деген суроолор болот. Күнүнө бир килограммдан жем жейт. Чөптөрдү майдалап беребиз, капуста, сабизди жакшы жешет. Быйыл Кытайдан жаңы инкубатор алып келгенбиз, азыр ошону үйрөнүп жатабыз.»
Алмагул Кенешбекова Заирбек мырзанын жубайы. Ал тѳѳ куштардын пайдалуу экендигин белгиледи: «Келечекте үй-бүлөбүзгө дагы пайдасы тиет деп ишенем. Анын бир жумурткасы 100 доллар турат. Анын салмагы 1,5-2 кг чейин болот. Андан тышкары мунун канаттары да абдан керек, мисалы, артисттер топуларына тагышат, ар бир канаты 1000 сомдон. Ар бир тѳѳ куш 3.500 доллардан алып келгенбиз. Бир жумурткасын бышырып жесек, 10-15 киши тоет экен. Өзүбүз да чарчап –чаалыгып турган убакта, тѳѳ куштарды карап, эс алып калабыз. Балдарыбыз да кызыгат». Уулу Азиз келечекте тѳѳ куш багууну онуктуроорун жана ага кызыгаарын айтат.
Даярдаган: Г.Тилекова, Марат кызы Саламат.