Нарын районуна караштуу Абдылда Аралбаев атындагы орто мектебинин окуучусу Нурайым Кадырова келечекте чоң сахнанын багындырган бийчи болууну кыялданат. Максатына жетүү үчүн ал жумасына 2 жолу Нарын шаарына барып, бий боюнча кружокко катышат.
Нурайым окуган мектепте бий үйрөнүү үчүн шарттар жок болгондуктан жолдун алыстыгына карабай Куланак айылынан Нарын шаарына барып бий үйрөнөт. Нурайым бийге классташы экөө чогуу катышышат жана ийгиликтерди жаратып келишет.
«Мен 3-классымдан баштап бийге катышам. Классташым экөөбүз Бишкекке, Каракол, Нарын шаарларына барып сынактарга катышып келгенбиз», — дейт Нурайым.
Нурайым бийлеген бийи менен төмөндөгү видеодон көрө аласыз.
Ырыскелди Кенжекулов