Нарын районуна караштуу Куланак айылындагы бириктирилген ооруканасы 67 жылдан бери үзгүлтүксүз иштеп келе жатат. Өкүнүчтүүсү ушунча жылдан бери капиталдык ремонттон өткөн эмес.
Бул оорукана тууралуу аталган бөлүмдүн башчысы Майрам Көчүева менен маек курдук. Ал бизге темадан сырткары өткөн жылдагы отчёту тууралуу маалымат берди.
«Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын Куланак бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенем. Бөлүм он кишиге эсептелинген, бирок андан да көп адамдарды жаткырабыз. Жакынкы айылдардан да келип жатышат мисалы: Учкун, Достук, Сары- Ой жана башка. Облустук оорукананын бир бөлүмү болгондуктан Бишкектен деле келип жатышса болот. Былтыркы жылдын отчет боюнча 300 дөй оорулуу жаткан.Анын ичинен көбүнчө өпкө жүрөк оорусу, балдардын сезонго жараша кышында өпкө жүрөк оорусу, жайында ич өткөк оорусу.
Андан сырткары, 2015-жылы УЗИ сатып алганбыз, демөөрчүлөрдүн, айыл элинин салымы менен. Азыркы учурда УЗИ ге өзүм көрүп жатам окууларга барып окуп келдим жана өткөн жылы очокканабызды өзүнчө бөлмө салып ал жака көчүрдүк азыр бир кыйла жакшы болуп калды.
Ооруканабызда айта берсек көйгөйлөр көп, мисалы, эч бир чоң оңдоп түзөөдөн өтпөгөн ооруканабыздын сырткы көрүнүшүн ондосок дейм, жайында өзүбүз эле капиталдык ремонттон өткөрүп коебуз каражатыбыз жеткен жерлерин гана.»
Даярдаган: Ырысбай Адамалиев, Гулшат Бейшекова