
1975-жылы Бириккен Улуттар уюумунун Генералдык ассамблеясы «Бүт дүйнѳ аялдарынын 10 жылдыгын» жарыялаган. 1979-жылы аял менен эркектин ортосундагы теңсиздиктин алдын алуу максатында, аялдарга болгон дискриминацияны жоюу туралуу конвенциясын кабыл алган. Ошол күндѳн тартып кѳп ѳлкѳлѳрдѳ аялдар комитеттери, аялдар уюумдары түзүлгѳн. Мурдагы СССР жаралган күндѳн тартып эле гендердик саясатка кѳңүл бурулган. Совет бийлигинин алгачкы күнүнѳн баштап аялдар маселеси биринчи планга коюлуп, кѳңүл чордонунда болгон. Бул туурасында «Аялдын коомдогу жана саясаттагы орду кандай?» деген суроо менен райондук аялдар уюумунун тѳр айымы Гүлсүн Чыныбаевага кайрылып кѳрдүк:

«Саясаттагы, коомдогу орду жаман эмес. Эгемендүүлүк алгандан бери аялдар коомго аралашып келе жатат. Ал эми аялдардын коомдо орду аз, саясатта жок дегенге кошулбайм. Ар ким ѳз аракети менен жетиш керек. Муну менен эмне айткым келип жатат бир гана жетекчи элди кѳтѳрѳ алса, эл журту кѳтѳрѳ алса, коомчулукту кѳтѳрѳ алса, аялдарды, ардагерлерди кѳтѳрѳ алса ийгиликтер боло берет экен. Эгерде ынтымак, биримдик болсо «Ээрден эңилбей, жерден жеңилбей» момундай жакшы ийгиликтерге жетишет. Эми саясатта гендердик теңчиликтин сакталышы шарт дегенге кошулбайм. Мынча пайыз аялдар болуш керек дегенге. Аялдар дагы ѳз күчү менен аракети менен жеңиштерге жетиш керек».
Кыргыз эли байыртадан эле аялды аздектеп аяр мамиле кылып келген. Кыргыз аялы деген ким? Бул суроого ар бир Кыргызстандык ѳзгѳчѳ жооп бериши мүмкүн. Кыргыздын идеалдуу аялынын образы кандай болуусу керек? Аялдар эмне себептен саясатка аралашышы керек экендиги туурасында жергиликтүү айыл депутатынын спикери Насырбек Чекиров буларды айтып ѳттү.

«Кыргызда да сѳз бар «Аял үйдүн куту» деп назик, ийкемдүү болуш керек. Кыргыздар каада салт, үрп адатты сактап келген элдербиз. Келиндер ийкемдүү болуш керек. Мына азыркы кездерде закон мыйзам кабыл алганда, кыргызга тиешелүү менталитетти сактап аял эркекти сыйлачуу. Мына саясатта президент болду Роза Отунбаева мисал кылса болот. Билими жетип атат, деңгээли жетип атат, үй-бүлѳсүндѳ эне болуп жатат, тышта кызматта туруп атат. Катышпаш керек деген чектѳгѳ мен каршымын».
Аял үйдүн да, мамлекеттин да куту. Учурда аялдар дээрлик бардык тармакта иштеп, коомдун жүгүн көтөрүп келатат. Чет жерлерде миграция агымында жүргөн айымдар да арбын. «Кутбилим» сайтынын айтуусуна караганда Кыргызстандын калктын 53 пайызын аялдар түзөт. Бирок ошондой болгону менен мамлекеттеги жетекчилик кызматтарда иштеген аялдар аз санда. Аялдар саясатка келүүсү менен кандай ѳзгѳрүүлѳр болду? Алар кандай маселени кѳтѳрѳ алышкандыгы туралуу «Аялдарды коргоо борбору» уюумунун адиси Бакен Досалиева тѳмѳнкүлѳргѳ токтоло кетти.

«Аялдар менен эркектердин чечим чыгаруу деңгээлде бирдей ѳкүлчүлүгүнүн болушу бул ѳлкѳнүн ѳнүгүшүнѳ, элдин жашоосунун оңолушуна чоң таасирин тийгизет. Ийгиликтүү эркектин артында мыкты аял турат. Жогорку кеңештин деңгээлинде аялдар эмне кылып жатышат, аялдар тынчтыкты куруу, коопсуздук маселесине кѳңүл бурушуп жанагы үй-бүлѳдѳгү зомбулукту азайтууга, ала качууну азайтууга, кыздарды эрте турмушка берүүнү азайтууга буга аракет кылып жатышат. Ошондой эле айыл жергесиндеги айым депутаттар да ушул маселенин үстүндѳ иштеп жатышат. Мамлекеттик деңгээлде аялдардын билимин, ушундай мамилесин колдонсо жакшы болот эле».
Аял бир эле учурда эне, спортчу, тарбиячы, бизнес леди демек үй-бүлѳнүн кутун сакташ үчүн, аял бардык сапаттарды ѳзүнѳ сиңирип жатат. Демек аял эң ириде аң- сезимдүү, билимдүү, маданияттуу болушу керек. Анткени эне бул, коомдун эртеңки күзгүсү болуп саналат. Бүгүнкү күндѳ аялдар саясатка барыш керекпи? Аялдын саясатчы болушу оңойбу, кандай кыйынчылыктар кездешет?» деген суроого Барскоон айыл тургуну Нурила Жаныгулова мындайча жооп берди.

«Менин оюум боюнча аялдар саясаттын бир бутагында жүрүшүн каалайт элем. Кѳп эле жерлерде гендердик тең салмактуулук кармалбай келе жатат. Мисалы райондук бийликте болобу, айылдык ѳзүн-ѳзү башкарууда болобу, айыл кеңештик депутатта болобу баардык жерлерде аялдардын жетишсиз жактары кѳрүнүп турат. Анан аялдар саясатка барыш үчүн кѳптѳгѳн тоскоолдуктар бар. Мисалы үчүн айылдык кеңеш депутаттыгына кандидатурасын коё турган келин болсо, ошол эле уруудан эркек киши да кандидатурасын коюушу мүмкүн. Сенин кайнагаң же кайниң кандидаттыгын коюп жатат, сен койбой эле кой. Сен койбой эле коюшуң керек, сен үйдѳ отурушуң керек, сенин ордуң үйдѳ деп. Аялдарды кѳшѳгѳнүн артына киргизип коюуга туура келет».
Кыргызстанда гендердик теңдикти сактоо, тең укуктуу башкаруу, коомдогу, саясаттагы аялдардын ордун жогорулатуу деген чакырык байма-бай айтылып, ал тургай Жогорку Кеңеште да атайын мыйзам каралып жатат.
Даярдаган: Эрлан Абласов, Гүлкайыр Осмоналиева